Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги текстинин 2-пунктунун экинчи абзацындагы «частичной» деген сөз алып салынсын;
- 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр «мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы «жана администрациялык ведомстволор» деген сөздөрдөн кийин «же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү» деген сөздөр менен толукталсын, «Өкмөтүнүн» деген сөз «Премьер-министринин» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Премьер-министринин» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы «Президентинин Иш башкармасынын Пландоо, каржылоо жана эсеп борбору» деген сөздөр «Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков