Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомун, ошондой эле «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу зарылчылыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттагы «191» деген цифралар «194» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3 жана 5-пункттардагы түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр» деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:
- 7-пункттун он тогузунчу абзацындагы «кодификациялоону жана» деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттагы «бөлүмдөрдүн» деген сөз «Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелет.»;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарлары (анын ичинде биринчиси) Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.»;
- 23-пунктта: бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун, башкы эксперттерин, эксперттерин жана референттерин өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;»;
он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт «Өкмөттүн Аппаратынын» деген сөздөрдөн кийин «өз алдынча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (бөлүмдөрдүн башчылары, жетекчилердин орун басарлары, секторлордун башчылары) Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын тейлөөчү вице-премьер-министри менен макулдашуу боюнча Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, жардамчылары өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери жана референттери, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кеңешчилери жана жардамчылары Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.»;
- 261-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«261. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктары тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобо же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси аларга тапшырган ыйгарым укуктар менен аныкталат.».
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 29-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков