КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 423 токтому

Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш жөнүндө

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жолу менен Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков