КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 токтому

Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык коркунучтардын  пайда болушуна каршы туруу, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тактыкты чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелери (мындан ары - Убактылуу эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрөгалары Убактылуу эрежелерде каралган тартипте прокуратура органдарында каттоосуз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбестиги жөнүндө жетектеген структураларынын жекече курамдарына маалымдашсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги алты айлык мөөнөттө укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду караштыруучу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин. 

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен өз ара аракеттенүүдө төмөнкүлөр сунушталсын: 

- республиканын аймагында ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары жүргүзүүчү текшерүүлөрдү каттоонун белгиленген тартиби жөнүндө маалыматтык өнөктүктү  жүргүзсүн; - ушул токтомду аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн. 

5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ишкердик субъекттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин колдонулат. 

6. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин дайындалган укук коргоо жана салык органдары жүргүзүүчү учурдагы текшерүүлөргө ушул токтомдун колдонулушу таркатылбайт. 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо экономика, ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин тескөөгө алган  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                        С.Ш.Жээнбеков