КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы № 85 токтому

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Арстанбап, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкүр, Базар-Коргон, Сейдикум, Талдуу-Булак айыл аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер», «Токой фондусунун жерлери» жана «Ɵнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери» категорияларынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө 

 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жер көчкүдөн жана селден жабыркаган жарандарын көчүрүү жана тургундардын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 4 токтомун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 23-январындагы № 1-т токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аймагында жайгашкан Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондундагы жалпы аянты 363,105 га жер участоктору жеке турак үйлөрдү куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер», «Токой фондусунун жерлери» жана «Ɵнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категорияларынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун, анын ичинен:

- Акман айыл аймагында – 47,24 га:

Таш-Булак участогу – 23 га кайрак жер (№ 1, 2 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Көлмө участогу – 12,2 га кайрак жер (№ 32, 92 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Бешик-Жон участогу – 10,26 га кайрак жер (№ 597, 930, 930а контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Беш-Мырза участогу – 1,78 га кайрак жер (№ 1002 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

- Арстанбап айыл аймагында – 18, 635 га:

Кызыл-Алма участогу – 3,798 га чабынды (№ 20 контур), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Момош-Кол участогу – 5,125 га чабынды (№ 24 контур), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Кош-Терек участогу – 2,27 га чабынды (№ 15 контур), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Кара-Алма участогу – 2,99 га чабынды (№ 37 контур), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Сарымсалык участогу – 2,25 га кайрак жер (№ 25 контур), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Арстанбап участогу – 2,20 га кайрак жер (№ 37 контур), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

- Бешик-Жон айыл аймагында – 104,92 га:

Айгыр-Жал участогу – 6,30 га кайрак жер (№ 281, 282, 660 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Апанбай-Жон участогу – 8, 41 га кайрак жер (№ 499, № 501, № 503, 504, 506, 507, 508, 509, 510, 511, 512, 513, 516, 517, 531, 532, 533, 536, 538, 541, 544, 545, 547 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Ноо, Ак-Кыз участогу – 9,46 га кайрак жер (№ 842, 845, 847, 849, 851, 886, 888, 894, 899, 909, 911, 915 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Тыныбек Тал, Бөрү-Көрбөс участогу – 8,38 га кайрак жер (№ 376 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Кочор-Кара-Жыгач участогу – 11,9 га кайрак жер (№ 230 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Бак-Адыр участогу – 6,40 га кайрак жер (№ 28, 70, 72 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Бакча участогу – 20,1 га кайрак жер (№ 76 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Жогорку бак участогу – 8,29 га кайрак жер (№ 10 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Мазардын үстү участогу – 5, 4 га кайрак жер (№ 276 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Жон участогу – 14, 02 га кайрак жер (№ 731,732,734, 735, 740 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Кырман участогу – 0,20 га кайрак жер (контур № 709), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Боромбай-Журт участогу – 6,06 га кайрак жер (№ 804,806,809 контурлар) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

- Кеңеш айыл аймагында – 91,93 га:

Шыдыр Коткор участогу – 6, 50 га кайрак жер (контура № 355, 417, 421), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Кызыл-Октябрь участогу – 3 га кайрак жер (№ 37, 21, 22, 25 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

1-Май, Кеңгоо, Боз участогу – 12,30 га кайрак жер (№ 378, 244 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Сейитказы-Сасык участогу – 3 га кайрак жер (№ 196 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Орто-Сай участогу – 67, 13 га кайрак жер (№ 41,43, 46, 38, 39, 48, 49, 50 контурлар) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, анын ичинде 3,0 га (№ 55 контур) «Ɵнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан;

-      Кызыл-Үңкүр айыл аймагында – 36, 88 га:

Чоң Ак-Булак участогу – 4,48 га көп жылдык бак-дарактар (№ 20 квартал, № 11 жана 16-бөлүктөр), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Алтын-Кыя участогу – 2,0 га чабынды (№ 63 квартал, № 36, 44 бөлүктөр), «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

Кичи-Ак-Булак участогу – 30,4 га, анын ичинен 26 га – кайрак жер, 4,4 га чабынды (№ 15 квартал, № 8, 11, 12, 15, 16-бөлүктөр) «Токой фондусунун жерлери» категориясынан;

- Базар-Коргон айыл аймагында – 18 га:

Үч-Эмчек участогу – 18 га кайрак жер (№ 16 контур) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

- Сейдикум айыл аймагында – 10 га:

Паачы-Мазар участогу – 10 га кайрак жер (№ 115 контур) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

- Талдуу-Булак айыл аймагында – 35,5 га:

Тегерек Жаңгак участогу – 2,1 га чабынды (№ 618 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Кой-Багар участогу – 6,0 га кайрак жер (№ 618 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Согот-Булак участогу – 2,2 га кайрак жер (№ 180, 181 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Ак-Тыт участогу – 3,5 га көп жылдык бак-дарактар (№ 533 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Жедигер участогу – 3,3 га кайрак жер (№ 206 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Кекилик участогу – 2,8 га чабынды (№ 1912 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Шабдан-Талаа участогу – 3,0 га кайрак жер (№ 888 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Кыргоо участогу – 2,0 га чабынды (№ 330 контур), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Куйкалак участогу – 9,0 га чабынды (№ 714, 812 контурлар), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан;

Эренчи участогу – 1,6 га кайрак жер (№ 714 контур) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин максаттуу багытта пайдаланылышын камсыздоону.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу