Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин ишин координациялоону күчөтүү жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамы: төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;”;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “социалдык блок маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;”;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков