КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому

Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасы 1-тиркеме ылайык; - текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби 2-тиркемеге ылайык. 

2. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын: 

- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин жүргүзүү; 

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрүн каттоо жана эсепке алууну жүргүзүү ушул токтомдун  1-пункту менен бекитилген текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибине ылайык ишке ашырылат. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков