КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:


жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- бүткүл тексти боюнча, 82-пункттун биринчи абзацынан, 115-пункттун экинчи абзацынан, 155-пункттун экинчи абзацынан тышкары түрдүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик комитет” “мамлекеттик комитеттин төрагасы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик комитеттер” “мамлекеттик комитеттердин төрагалары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;


- 15-пункттун экинчи абзацындагы “жарым жылга” деген сөздөр “кварталга” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 16-пункттагы “жарым жылдык” деген сөздөр “квартал” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
биринчи абзацта:
“жарым жылдыктан” деген сөздөр “мезгилден” деген сөз менен алмаштырылсын;
“мезгилге” деген сөз “кварталга” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Аткаруу бийлигинин органдары кезектеги мезгилге Өкмөттүн жыйындарынын бекитилген планын алгандан кийин 7 иш күндүн ичинде аткаруу бийлигинин органдарынын аткаруучу кызматкерлерин көрсөтүү менен конкреттүү иш-аракеттерди жана мөөнөттөрдү караштырган Өкмөттүн чечиминин долбоорун даярдоонун кадамдык планын иштеп чыгат жана бул маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын статс-катчысынын же жетекчисинин орун басарынын колу менен Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү бөлүмүнө берет.”;

- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“33. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйындары чакырылышы же Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселелер киргизилиши мүмкүн.
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишинин алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кошумча (пландан тышкаркы) маселе катары демилгелөө аркылуу Өкмөттүн кезектеги жыйынында каралат.

Юстиция министрлиги же Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталган мамлекеттик орган Өкмөттүн кезектеги жыйынына чейин 14 календардык күн мурун Өкмөттүн кезектеги жыйынынын Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо жөнүндө маселени киргизүү тууралуу Премьер-министрге сунуш киргизет.

Эгер Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу жөнүндө же Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселени киргизүү тууралуу чечим жыйын өткөрүлгөнгө чейин 5тен кем эмес календардык күндөн мурда кабыл алынса, анда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган 3төн кем эмес календардык күндөн мурдараак Өкмөттүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүнүшүнө төмөнкүлөрдү киргизет:
- мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен мамлекеттик органдын жетекчисинин же аны алмаштыруучу адамдын визасы коюлган чечимдин долбоорун;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисинин же аны алмаштыруучу адамдын колу коюлган чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- жыйынтыктоочу таблицаны, анда эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен пикирлердин баарын (негиздемеси менен) көрсөтүп жана эгер чечимдин долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылган болсо, анда долбоордун сын-пикирлерсиз макулдашылганын белгилөө менен;
- эгер чечимдин долбоору ишкердик жүргүзүүгө укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталган болсо, анда жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык баяндаманы;
- эгер чечимдин долбоору Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан болсо, анда Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөсүн;
- электрондук алып жүрүүчүнү.

Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана жыйындын катышуучулары үчүн материалдарды түзөт жана аларды жыйынды өткөрүү датасына чейин 1 иш күндөн кечиктирбей жыйындын катышуучуларына жиберет.
Өкмөттүн чечиминин киргизилип жаткан долбоорунун (мамлекеттик жана расмий тилдерде) сапаты жана мазмуну үчүн жоопкерчилик тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Кезексиз жыйынды өткөрүү, чечимди кабыл алуу жана протоколду түзүү кезектеги жыйындар үчүн аныкталган тартипте ишке ашырылат.”;

47-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“47. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор (тиешелүү чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Өкмөткө киргизүүнүн механизми мыйзамдарда аныкталган административдик ведомстволордон тышкары), Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик бийликтин башка органдары, Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору тарабынан ушул Регламентте белгиленген тартипте иштелип чыгат жана Өкмөттүн кароосуна киргизилет.”;
- 481-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 51-пунктта:
экинчи абзац “долбоорду Өкмөттүн” деген сөздөрдүн алдында “протоколдук чечимдин долбоорунан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзацтагы “сегиз” деген сөз “тогуз” деген сөз менен алмаштырылсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин же тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча - Тышкы иштер министрлигинин корутундулары терс болсо, Өкмөттүн жыйынына коюлуп жаткан чечимдердин долбоорлорунан тышкары чечимдин долбоору Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна киргизилбейт.”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ушул пункттун талаптары Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна ушул Регламенттин 33-пунктуна ылайык макулдашуу жол-жобосун өткөрбөстөн киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата колдонулбайт.”;

- 59-пунктта:
төртүнчү абзацтагы “макроэкономикалык көрсөткүчтөргө” деген сөздөр “өлкөнү өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчадагы “жана сунуштарды эске алган” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 601-пункт менен толукталсын:
“601. Эгерде актынын долбоорун иштеп чыгуучу орган берилген бардык сын-пикирлерди эске алган болсо, анда актынын долбоорун кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.”;
- 61-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“61. Иштеп чыгуучу орган макул болбогон сын-пикирлер боюнча анын жана макулдашкан органдын ортосундагы пикир келишпестиктердин матрицасын түзөт. Мында актынын долбоорун иштеп чыгуучу орган таблица түрүндө пикир келишпестиктердин матрицасын даярдайт, анын графаларында иштеп чыгуучу орган сунуштаган жана макулдашкан органдын долбоордун пункттары боюнча пикир келишпестиктерди пайда кылган редакцияга корутундуларынын жана негиздемелеринин толук тексти камтылышы керек. Иштеп чыгуучу органдын жетекчиси же аны алмаштыруучу адам кол койгон пикир келишпестиктердин матрицасы актынын долбоорунун акыркы варианты менен кошо макулдашуучу органга жиберилет жана жетекчи же аны алмаштыруучу адам тарабынан 3 күндүк мөөнөттө кол коюлушу керек.
Иштеп чыгуучу орган менен Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча - Тышкы иштер министрлигинин ортосунда консенсус жетишилбеген учурда иштеп чыгуучу орган тейлөөчү вице-премьер-министрге же Премьер-министрге Өкмөттүн чечиминин долбоорун демилгелөөнү колдоо өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мында коштоочу катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жүйөөлөрүнө каршы болгондугунун себептери жөнүндө маалымат чагылдырылат.
Өкмөттүн чечиминин долбоорун жылдыруу максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы жөнүндө маселени Премьер-министр же тейлеген вице-премьер-министр чечет.”;
- 62-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Жайгаштыруунун датасы, келип түшкөн сунушар жана сын-пикирлер жөнүндө маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.”;
- 64-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“64. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору Юстиция министрлигине экспертиза жүргүзүү жана макулдашуу үчүн аларды кызыкдар органдар менен макулдашкандан кийин гана (Өкмөттүн Аппараты жиберген чечимдердин долбоорлорунан тышкары), актынын долбоорунун акыркы версиясын, корутундулардын көчүрмөлөрү, макулдашуу баракчаларын, пикир келишпестиктердин матрицасын (эгерде болсо), негиздеме-маалымкатты, салыштырма жана жыйынтыктоочу таблицаларды тиркөө менен берилет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер Юстиция министрлигине берилбеген учурда Юстиция министрлиги документтерди карабастан жана экспертиза жүргүзбөстөн кайтарып берет.”;
- 68-пункттун үчүнчү абзацында “Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү” деген сөздөр “Өкмөттүн ондон кем эмес мүчөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
69-пунктта:
алтынчы абзацтагы “ЖТТ методикасына актынын долбоорунун” деген сөздөр “ЖТТ методикасына жүргүзүлгөн ЖТТнын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ушул Регламенттин 61-пунктунда каралган учурда пикир келишпестиктердин матрицасын;”;
он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда Юстиция министрлигинин баасын (корутундусун);”;
он алтынчы абзацтагы “эл аралык келишимди түзүүнүн” деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде (жыйынтыктоочу таблицадан тышкары, ал мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн), “Times New Roman” 14 шрифти менен 1 интервалда басылып, маалыматты электрондук алып жүрүүчүдөгү тексти менен бир пакетте берилет. Жогорку Кеңешке жиберилүүчү Өкмөттүн корутундуларынын долбоорлору “Times New Roman” 12 шрифти менен 1 интервалда басылып берилет.”;
жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Актылардын долбоорлорунун тексттеринин, анын ичинде тиркемелеринин ар бир барагы аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери же аларды алмаштыруучу адамдар, ошондой эле иштеп чыгуучу органдын юридикалык кызматтарынын жетекчилери тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.”;
74-пункттун биринчи абзацында:
“481” деген цифралар алып салынсын;
“51,” деген цифралардан кийин “55,” деген цифралар менен толукталсын;
“61,” деген цифралардан кийин “62-пунктунун экинчи абзацынын” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- 81-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“81. Чечимдердин долбоорлорун кароого даярдоонун тартиби ушул Регламентте жана Премьер-министр бекитүүчү Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө регламентинде белгиленген.
Өкмөттүн Аппараты министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка органдар тарабынан Өкмөттүн кароосуна киргизилген чечимдердин долбоорлорун киргизилген актынын долбоорунун маңызын өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу.”;
- 83-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 91-пунктта:
“г)” пунктчасындагы “долбоордун шайкештиги жөнүндө” деген сөздөр “жүргүзүлгөн ЖТТга шайкештиги жөнүндө” деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
жыйырма биринчи абзацта:
“г)” литери алып салынсын;
“д)” литеринен кийин “л), м),” литерлери менен толукталсын;
- 129-пункттун биринчи абзацындагы “15” деген цифралар “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 155-пунктта:
үчүнчү абзац “14” деген цифралардан кийин “иш” деген сөз менен толукталсын;
бешинчи абзац “30” деген цифралардан кийин “календардык” деген сөз менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 “Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ушул токтомдон келип чыгуучу толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиешелүү долбоорду белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                        С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу