Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2017-жылдын аягына чейин төмөнкүлөргө мораторий белгиленсин:
- иштеп жаткан министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын штаттык санынын чегин көбөйтүүгө;
- жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын кошумча кызмат орундарын киргизүүгө.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун таасири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөрүнө жайылтылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирге мамлекеттик органдардын сметалык-штаттык тартипти сакташын системалуу контролдоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда катары менен он эки айдан ашык бош турган кызмат орундар бар экендиги жана ушуга байланыштуу эмгек акы фондунун үнөмдөлүшү жөнүндө маалыматтардын негизинде төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын штаттык санын катары менен он эки айдан ашык бош турган кызмат орундардын санынчалык белгиленген тартипте кыскартууну демилгелөөгө;
- мамлекеттик органдардын эмгек акы фондун ушул бош кызмат орундарга тиешелүү суммага кыскартууга.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков