КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 415 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү  жана толуктоо киргизүү тууралуу 

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй  өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде: 

- 6-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,” деген сөздөр алып салынсын; 

- 7-пункту “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги,” деген сөздөрдөн кийин  “Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,” деген сөздөр менен толукталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                           С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу