791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелерин бөлүштүрүү жөнүндө
10 МГц үзгүлтүксүз радио жыштык тилкесин колдонууну камсыз кылуу, ошондой эле коммерциялык пайдалуу 790-862 МГц диапазондогу радио жыштык тилкесин натыйжалуу кайра бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:
- 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүүгө келишим түзгөн электр байланыш операторлорунун ортосунда радио жыштыктын ар бир тилкеси үчүн наркы 298 803 000 сом болгон төмөндөгү жыштык тилкелерин бөлүштүрсүн:
791-796/832-837 МГц; 796-801/837-842 МГц; 801-806/842-847 МГц. - 10 МГц үзгүлтүксүз тилкени аныктоону эске алуу менен 790—821/832-862 МГц диапазондогу радио жыштык тилкелерин ушул пунктта көрсөтүлгөн операторлордун ар бирине кайра бөлүштүрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге, электр байланыш операторлору ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыны төлөгөндөн кийин 791-796/832-837М Гц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847М Гц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которуу үчүн эсеп реквизиттерин берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 «Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы «2 жыл» деген цифра жана сөз «4 жыл» деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын. - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободогу:
16-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«- 791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелеринин бирин ижарага берүү боюнча тиешелүү келишим.»; - онунчу абзацы «816-821/857-862 МГц» цифраларынан жана тамгаларынан кийин «,791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц» деген цифралар жана тамгалар менен толукталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков