Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 7 жана 20-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 93-б буйругун, Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-февралындагы № 85 өтүнүч катын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18,76 га кайрак айдоо жери кафель чыгаруучу заводду куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогу кафель чыгаруучу заводду куруу үчүн “Тянь-Шань Керамик” жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- “Тянь-Шань Керамик” жоопкерчилиги чектелген коому менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн ортосунда ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участогуна ижара келишимин түзүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багытта пайдаланууну;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков