КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдын 1-июлундагы  № 370  “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын  билим алууга болгон ар тараптуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370  “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна  төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-  2-пункттун  бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Ушул токтом 2016-жылдын 23-июлунан тартып  күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                    С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу