КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө 

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги түзүлсүн. 

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

 - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык; 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

 3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун укук улантуучусу болуп эсептелери белгиленсин.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- аталышындагы жана 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобонун аталышындагы жана 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине» деген сөздөр менен алмаштырылсын. - 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

 «- ушул Жобонун 3-пунктунун экинчи абзацында аталган жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөрдөн 50 пайыз өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин күтүүгө;».

 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 «Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине» деген сөздөр менен алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксаттар үчүн лицензиялык акынын өлчөмүнүн убактылуу прейскурантынын аталышындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:

 - бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин; 

- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн. 

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жайгаштыруу маселесин чечсин.

 8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 231 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 484 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 345 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 662 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 14-пункту;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 «Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту.

 9.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков