КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 400 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 

- 6-пунктундагы “427” жана “234” деген цифралар тиешелүү түрдө “369” жана “176” деген цифралар менен алмаштырылсын; 

- 7-пункту “Айыл чарба” деген сөздөрдөн кийин “, тамак-аш өнөр жайы” деген сөздөр менен толукталсын;

 - 8-пунктунда: “коммуникациялар” деген сөз “жол” деген сөз менен алмаштырылсын; “1213”, “76” жана “1137” деген цифралар тиешелүү түрдө “1135”, “66”  жана “1069” деген цифралар менен алмаштырылсын; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1 жана 13-2-пункттар менен толукталсын: “

13-1

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети392

анын ичинде:

- борбордук  аппарат

133


- ведомствого караштуу бөлүктөр

259

13-2Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети236

анын ичинде:

- борбордук  аппарат

75


- ведомствого караштуу бөлүктөр

161

 ”;

      - 15 жана 18-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын; - 23-пунктундагы “1258”, “94” жана “1164” деген цифралар тиешелүү түрдө “1248”, “91” жана “1157” деген цифралар менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

 - 1-пунктунун биринчи абзацы “Министрликтер” деген сөздөн кийин “жана мамлекеттик комитеттер” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик,” деген сөздөр алып салынсын;

 - 6-пункту “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги,” деген сөздөр менен толукталсын;

 - 7-пункту “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 7-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Ушул токтомдо аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери: 

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

 - түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтиришсин;

 - ушул токтомдон келип чыгуучу башка толук чараларды көрүшсүн. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.  

 Премьер-министр                                                           С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу