Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
Эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу системасында жогорку кесипкөй кадрларды бекитүү жана алардын эмгегине дем берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маянасын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 7000 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка белгиленсин.
2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти, 2-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдарына пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 4-тиркемеге ылайык;
- ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн кызматтык маянага кошумчалардын өлчөмү 30 пайызга чейин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисине эмгек акы төлөө фондунун бир жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу жыйынтыктарына, кесиптик жана чыгармачылык демилгеси үчүн дем берүүчү төлөмдөргө жумшоого укук берилсин.
4. Төмөндөгүлөр белгиленсин: - дем берүүчү төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин эки айлык орточо эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жарым жылдын жана жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы боюнча берилет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлери өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнүп берилет.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомунун 10-тиркемесинин 251-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомунун 12-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков