Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө
Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнү тартипке келтирүү максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн убактылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар алган субсидиялары жөнүндө отчетту түзүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн актыларды жетекчиликке алышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков