КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому

2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн  концепциясын бекитүү жөнүндө

  Пахта тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, экспортко багытталган продукцияны өндүрүүнү көбөйтүүгө көмөктөшүүчү жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438–VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-       2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын  өнүктүрүүнүн концепциясы 1-тиркемеге ылайык; - 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы)  2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:

- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; - мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын 5-февралга чейин, Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө  жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин  күчүнө  кирет.

Премьер-министр                                                                        С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу