Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, ишкердик ыңгайлуу шарттарды түзүү, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу жана мамлекеттин эл алдындагы милдеттенмелерин аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга Кризиске каршы иш-аракеттеринин планы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – кризиске каршы план).
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттөрдө Кризиске каршы планды аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн; -
ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кризиске каршы пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кризиске каршы пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков