Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын чыңдоо, чек ара боюндагы аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана проблемаларынын чечилишине өбөлгө түзүү, бул аймактарда жашаган жарандар үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын элинин арасында ички миграцияны токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү суралсын: “Программанын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрү” деген 4-бөлүмүндө:
- үчүнчү абзацында “2016” деген цифралар “2020” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацында “2014” деген цифралар “2017” деген цифралар менен алмаштырылсын; - алтынчы абзацында “2015-2016” деген цифралар “2019-2020” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков