КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 4-июлундагы № 373 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин, функцияларын бөлүштүрүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

 -   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, мында жаңы түзүлгөн мамлекеттик комитетке Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин: а) өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функциялар; 

б) техникалык жана тейлөө персоналын эсептебестен, тиешелүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча), эмерек, уюштуруу техникасы жана транспорт каражаттары менен 58 бирдик штаттык саны (анын ичинде министрдин орун басарынын 3 бирдиги);

 в) ведомстволук уюмдар – Энергетика жана экономика боюнча илим-изилдөө институту, “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканалары;

 -   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун базасында төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети: 

а) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен 12 бирдик штаттык саны, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен маалыматташтыруу, байланыш, электрондук өкмөт, телерадиоберүү жаатында мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча функциялар; 

б) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен электрондук башкаруу жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар;

 в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан 10 бирдик штаттык саны, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен маалыматташтыруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функциялар; г) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен маалыматташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар.

2. Төмөнкүлөрдүн аталышы өзгөртүлсүн: 

-   Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине; 

-   Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине, мында коммуникация боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине өткөрүп берилсин. 

3. Ушул токтомдун 1, 2-пункттарында аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:

 -   бир жумалык мөөнөттө активдерди жана пассивдерди белгиленген тартипте кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн комиссияларды түзүшсүн; 

-   эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү даярдашсын жана киргизишсин: белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жоболордун, башкаруу схемаларынын жана штаттык сандарынын долбоорлорун; ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду ченемдик укуктук актыларга киргизүү жөнүндө сунуштарды; ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрүшсүн;

 -   штатты өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеп турган мамлекеттик органдардын кызматкерлери өткөрүп берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн которулууга тийиш экендигин көңүлгө алышсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.

 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу