КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 359 токтому

Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык программаны бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасына инвестицияларды тартуу процессин активдештирүү жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары тарабынан саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн программаларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Бекитилсин: 

-  Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык программа, 1-тиркемеге ылайык; 

- Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата иш-чаралардын инвестициялык планы, 2-тиркемеге ылайык. 

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков