КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 347 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо: 

- 9-пунктунун экинчи абзацы “чек араны коргоо жана кайтаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине” деген сөздөрдөн кийин “жана 10 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 825 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын алгачкы аскердик жыйындардан өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын алгачкы аскердик жыйындардан өтүү тартиби жөнүндө жободо: 

-  5-пунктунун экинчи абзацы “чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине” деген сөздөрдөн кийин “жана 10 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын. 

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу