КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-июнундагы № 361 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 “Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 “Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо: 

-  13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“13. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануудан баш тартуу административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда арыз ээси сотко кайрылууга укуктуу.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу