КР Премьер-министринин 29 - июнундагы № 351 буйругу

Мамлекеттик кызматчылардын жалпы жүрүм-турум эрежелерине таянып, ошондой эле жайкы мезгилдеги температуралык режимди көңүлгө алуу менен:

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кийимине карата жайкы мезгилде расмий протоколдук иш-чараларга катышуудан сырткары, костюмду (пиджак, жакет) милдеттүү түрдө кийбестен жеңилдетилген талаптарды колдонуу максатка ылайык деп эсептелсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын мамлекеттик кызматчысынын сырткы түрү (дресс-коду) жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
  3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери ушул буйрукка ылайык чечимдерди кабыл алышсын.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилерине ушул сыяктуу чечимдерди кабыл алуу сунушталсын.
Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу