Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылып алынуучу кендердин тизмесинин 31-пунктундагы “Геологиялык изилдөө” деген сөздөр “Иштетүү” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков