Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасы ага “Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- кайра уюштуруу менен байланышкан тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков