КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 20-июнундагы № 342 токтому

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 “Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 

 Кыргыз Республикасынын алтын казуу өнөр жай тармагын өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануучулардын өндүрүштө алдынкы заманбап жаратылышты коргоо технологияларын киргизүүсүн колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 “Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кооптуу калдыктардын классификаторунда: 

01-калдыктар тобунун “Минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар” жана “Минералдык чийки затты уулуу реагенттерди колдонуу менен кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар” позициялары төмөнкү редакцияда берилсин: “


Минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар:
- кен казып алуу өнөр жайында токсикалык заттарды пайдалануу менен минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде зыянсыздандырылбаган калдыктар;
 - кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 50 мг/л жетпеген зыянсыздандырылган калдыктар; - кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн зыянсыздандырылган калдыктар;
- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн, айланма суу менен жабдуу системасы пайдаланылган, жарым-жартылай кургак нымдулуугу 30 % ашпаган зыянсыздандырылган калдыктар

01022

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T2/C00/H00/D(R) 00/GD000

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T3/C00/H00/D(R) 00/GD000

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T5/C00/H00/D(R) 00/GD000


Минералдык чийки затты уулуу реагенттерди колдонуу менен кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар:
- кен казып алуу өнөр жайында токсикалык заттарды пайдалануу менен минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде зыянсыздандырылбаган калдыктар;
 - кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 50 мг/л жетпеген зыянсыздандырылган калдыктар; - кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн зыянсыздандырылган калдыктар;
- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн, айланма суу менен жабдуу системасы пайдаланылган, жарым-жартылай кургак нымдулуугу 30 % ашпаган зыянсыздандырылган калдыктар

01032

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T2/C00/H00/D(R) 00/GD000

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T3/C00/H00/D(R) 00/GD000

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T5/C00/H00/D(R) 00/GD000

”.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу