КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 17-июнундагы № 336 токтому

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы түзүлсүн. 

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн; - өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин. 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков