2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары иш жүзүнө киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбестен, Программанын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбестен Программанын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте Программаны ишке ашыруу үчүн ресурстарды тартуунун маселелери боюнча эл аралык финансылык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын Программанын сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков