КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 15-июнундагы № 325 токтому

Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө 

Чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиттик жана башка финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, гарантиялык фонддор системасын өнүктүрүү аркылуу алардын экспорттук потенциалын арттыруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу максатында,  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду  2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясы (мындан ары – Концепция) 1-тиркемеге ылайык;

 - Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык.

 2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча): 

- Концепцияны жана Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн; 

- эки айлык мөөнөттө Концепцияны жана Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук программаларды жана иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков