Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 «Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык телерадиоборбору» мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жактан модернизациялоо жана башка пландалган иштерди ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 «Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-4-пунктундагы «көчмө теле студияны сатып алууга» деген сөздөр «ишкананы техникалык модернизациялоого» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков