КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 17-июнундагы № 329 токтому

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын иштерин бирдиктүү баалоону жүргүзүү, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо методикасы (мындан ары - Методика), 1-тиркемеге ылайык;

 - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине “Калктын ишеним индекси” жөнүндө жобо,  2-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкета,    3-тиркемеге ылайык. 

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитилген баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулуктун бир түргө келтирилген толтурулган формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин. 

3. Отчеттук мезгил үчүн ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанилери жөнүндө маалыматтарды даярдоо үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Методикага ылайык отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберишери белгиленсин. 

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги: 

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо боюнча отчеттук материалдарды жалпыласын; 

- отчеттук жарым жылдыктан кийинки экинчи айдын 20сына чейин жана отчеттук жылдан кийинки экинчи айдын 20на чейин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жыйынды отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин;

 - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Методиканы иш жүзүндө колдонууда методикалык жардам көрсөтсүн; 

- Методиканы иш жүзүндө колдонуу боюнча нускамалык материалдарды жана отчеттун формаларын бекитсин. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине отчеттук жарым жылдыктарды кошо алганда, кезектеги жылга Статистикалык иштердин планында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөөнү кароо сунушталсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту: 

- “Калктын ишеним индексин” эсептөө боюнча маалыматтарга жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө жыйынтыктар, проблемалар, тенденциялар жана мамлекеттик органдар үчүн сунуштамалар камтылган аналитикалык катты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берери; 

- “Калктын ишеним индексин” аныктоо методикасын өркүндөтүүнү камсыздары, аны методикалык жана илимий жактан коштоону ишке ашырары белгиленсин. 

7. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишине калктын ишениминин деңгээлин өлчөө боюнча сурамжылоону жүргүзүү менен байланышкан  иш-чараларды каржылоо тийиштүү жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган  чекте жүргүзүлсүн. 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  9-апрелиндеги № 181 “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

-   преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”. 

9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 

- 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө”;

 - “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2012-жылдын 18-июлундагы № 507; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 2012-жылдын 12-октябрындагы № 712;

 - “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” 2013-жылдын 25-мартындагы № 147; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 180; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2013-жылдын 2-октябрындагы № 542; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 223;

 - “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 680; 

- “Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 633; 

- 2015-жылдын 29-январындагы № 30 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-райондордун акимдеринин ишин баалоо жөнүндө”; 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;

 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 328 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту. 

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн. 11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков