Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын" деген сөздөр "баңги заттарды контролдоо боюнча органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогорудагы аталган токтом менен бекитилген "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин аскерлештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу бөлүгүндө иштеген убактысы.".
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |