КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 88 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  30-декабрындагы №735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 1-главасында:

биринчи абзацы “документтерди даярдоо тартибин” деген сөздөрдөн кийин “; КНСтин ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин” деген сөздөр менен толукталсын;

онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Ыйгарым укуктуу салык органынын комиссиясы - КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссия, анын курамы жана иштөө регламенти ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

Тандоо критерийлери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Айрым салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизүү үчүн баалоо системасы.”;

он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Тизме - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү айрым салык салынуучу субъекттердин тизмеси.”;

он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

он сегизинчи абзацындагы “жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде” деген сөздөр “жана/же бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана Евразия  экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278-беренесине ылайык түзүлгөн КНСтин ашып кетүү суммасын салык салынуучу субъекттин банктык эсебине кайтарып берүүгө жол берилбейт.”;

- 3-пункту “КНСтин ашып кетүү суммасы” деген сөздөргө чейин “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278-беренесине ылайык түзүлгөн” деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пунктунда:

4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

5-пунктчасында:

“жана 4” деген сөздөр алып салынсын;

“17-пункту” деген сөздөр “17, 18 жана 19-пункттары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункту “КНСтин ашып кетүү суммасы” деген сөздөргө чейин “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренесинин талаптарына ылайык түзүлгөн” деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктунун биринчи абзацында:

“3 жана 4-пунктчаларына ылайык импортко КНС боюнча анын карызын жана” деген сөздөр “3-пунктчасына ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“300000 (үч жүз миң) сомго” деген сөздөр “500 000 (беш жүз миң) сомго” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9. Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттерден тышкары, айына 500 000 (беш жүз миң) сом жана андан ашкан суммада импортко КНС боюнча карыздарды жана салыктардын башка түрлөрү боюнча анын салык карыздарын төлөө эсебине салык салынуучу субъекттин КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынат.

Аталган маселелерди кароо үчүн ыйгарым укуктуу салык органында КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссия түзүлөт.”;

- 10-пункттун биринчи абзацында:

“300 000 (үч жүз миң) сомдон ашкан” деген сөздөр “суммасына карабастан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“37” цифралары “375” цифралары менен алмаштырылсын;

- 11-пунктундагы “жана 4-пунктунун 4-пунктчасына” деген сөздөр алып салынсын;

- 14-пунктундагы “300 000 (үч жүз миң) сомго” деген сөздөр “500 000 (беш жүз миң) сомго” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Салык органы 500 000 (беш жүз миң) сом жана андан ашкан сумма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечими келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндөн кечиктирбестен “FORM STI-012” корутундусун жазып берет жана БКнын аткаруусуна берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жиберет. Казыналык органдар аткаргандан кийин корутунду салык органына берилет.”;

- 16-пунктундагы “263” цифралары “2631” цифралары менен алмаштырылсын;

- 17-пунктунун биринчи абзацындагы “300 000 (үч жүз миң) сомго” деген сөздөр “500 000 (беш жүз миң) сомго” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“18. Нөлдүк ставка менен берүүлөрдүн эсебинен топтолгон КНСтин ашып кетүү суммасын салык салынуучу субъекттин банктык эсебине айына 500 000 (беш жүз миң) сом жана андан ашкан суммада ушул Жобонун 4-пунктунун 5-пунктчасына ылайык кайтарып берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын аталган маселени кароосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.”;

- 19-пунктунун биринчи абзацында:

“300 000 (үч жүз миң) сомдон ашкан суммага” деген сөздөр “суммасына карабастан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“37” цифралары “375” цифралары менен алмаштырылсын;

- 20-пунктундагы “300 000 (үч жүз миң) сомго” деген сөздөр “500 000 (беш жүз миң) сомго” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“21. Салык органы 500 000 (беш жүз миң) сом жана андан ашкан сумма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечими келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндөн кечиктирбестен “FORM STI-013” корутундусун жазып берет жана БКнын аткаруусуна берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жиберет. Казыналык органдар аткаргандан кийин корутунду салык органына берилет.”;

- 23-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 27-пунктунун биринчи абзацындагы “жана 4-пунктунун 4-пунктчасына” деген сөздөр алып салынсын;

- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“28. КНСтин ашып кетүү суммасын банктык эсепке кайтарып берүүдө салык салынуучу субъект бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө маалымкатын ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Маалымкат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык салынуучу субъект кайрылган учурдан тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен берилет.”;

- 29-пунктунда:

1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

“- салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө ырасталган арыздардын “FROM STI – 136” болушу жөнүндө маалымат;”;

4-пунктчасындагы “, зарыл болгон учурда” жана “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин” деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 41-пунктча менен толукталсын:

“41) салык салынуучу субъект Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттук берүүлөрдү ишке ашырган учурда салык кызматынын маалыматтык системасында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан ырасталган жана жөнөтүлгөн товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болсо, ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарына суроо-талап жиберүү;”;

5-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы “жүктүк-” деген сөз алып салынсын;

- 30-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“30. Айына 500 000 (беш жүз миң) сом жана андан ашкан сумма боюнча ушул Жобонун талаптарына документтер туура келген учурда салык органы материалдарды кароо жана чечим кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.”;

төртүнчү абзацындагы “же берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдерди же болбосо товарларды ташып келе турганын күбөлөндүрүүчү башка документтерди” деген сөздөр алып салынсын;

жетинчи абзацындагы “маалымкатын” деген сөз “актысын” деген сөзгө алмаштырылсын;

- 33 жана 34-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“33. Ыйгарым укуктуу салык органы материалдар келип түшкөн учурдан тартып 32 календарлык күндөн ашпоого тийиш мезгилдин ичинде берилген документтердин толуктугун жана тууралыгын карайт жана КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарат.

34. Материалдар ушул Жобонун талаптарына туура келбеген учурда алар салык органы аркылуу салык салынуучу субъектке андан ары билдирүү максатында себептерин көрсөтүү менен салык органына кайтарылат, мында арызды кароо мөөнөтү токтотулуп турат.”;

- 35-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“36. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө чечим салык салынуучу субъектке кабыл алынган чечим жөнүндө андан ары билдирүү максатында салык органдарына жиберилет.”;

- 8-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8-глава. КНСтин ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби”;

- 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“37. Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттер үчүн КНСтин ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби колдонулат.

Тизме ыйгарым укуктуу салык органынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Салык салынуучу субъект Тизмеге киргизүү үчүн төмөнкү критерийлерге туура келиши керек:

1) экономикалык ишти – 2 жылдан кем эмес, анын ичинде экспорттук берүүлөрдү – 1 жылдан кем эмес ишке ашыруу;

2) өздүк активдеринин наркы (милдеттенмелерден башка активдери) - 15,0 млн сом жана андан ашык;

3) нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдүн наркы акыркы 12 календарлык айда - 40,0 млн сом жана андан ашык.

Эгерде, салык салынуучу субъект тарабынан нөлдүк ставка менен берүүлөр, ошондой эле нөлдүк ставкадан айырмаланган стандарттык ставкалар менен да берүүлөр жана бошотулган берүүлөр ишке ашырылган учурда, нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдүн суммасы катары менен келген алты календардык айдын ичинде мындай берүүлөрдүн жалпы наркынын 50 пайызынан кем эмесин түзүшү керек;

4) акыркы 2 жыл ичинде жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган салыктык санкцияларды жана туумдарды (пайыздарды) эсепке албаганда жашырылган салыктардын суммасы  - салык салынуучу субъекттин салык отчетуна ылайык ар бир календарлык жыл үчүн бюджеттин алдындагы салык милдеттенмесинин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.

Мисалы, “А” фирмасына 2016 жана 2017-жылдар үчүн жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр кошумча эсептелди:

- жалпысынан 2016-жыл үчүн – 450,0 миң сом, анын ичинде пайда салыгы боюнча – 300,0 миң сом, киреше салыгы боюнча – 100,0 миң сом жана сатуудан алынуучу салык боюнча – 50,0 миң сом суммасында.

Мында фирманын 2016-жылдагы салыктык милдеттенмелери жалпысынан салыктардын бардык түрлөрү боюнча 5000,0 миң сомду түздү. Демек, кошумча эсептелген (төмөндөтүлгөн) салыктардын салыштырма салмагы – 9 пайызды түздү;

- 2017-жыл үчүн 2016-жылдагыдай талдоо жүргүзүлүшү керек;

5) Тизмеге киргизүү жөнүндө маселени кароо учурунда − Кыргыз Республикасынын салык же бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин жоктугу.

- төмөнкүдөй мазмундагы 371 – 375-пункттар менен толукталсын:

“371. Тизмеге экономикалык көрсөткүчтөрү ушул Жобонун 37-пунктунда каралган бардык критерийлерге жооп берген салык салынуучу субъекттер киргизилет.

Экономикалык көрсөткүчтөрү ушул Жобонун 37-пунктунда каралган критерийлердин бирине жооп бербеген салык салынуучу субъекттер, эгерде алардын экономикалык иши Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сунушу боюнча Тизмеге киргизилиши мүмкүн.

372. Салык салынуучу субъекттин экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ушул Жобонун 37-пунктунда каралган критерийлерге туура келерин аныктоодо, салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилген салык отчетундагы, бухгалтердик отчетундагы маалыматтар, тышкы экономикалык иши тууралуу маалыматтар, ошондой эле салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар колдонулат.

373. Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттердин экономикалык иштерине мониторинг жүргүзүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу салык органы жыл сайын алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ушул Жобонун 37-пунктунда каралган критерийлерге туура келерин баалайт.

Критерийлерге туура келбеген учурда ыйгарым укуктуу салык органы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине салык салынуучу субъекттерди Тизмеден чыгаруу жөнүндө сунушту жиберет.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө салык салынуучу субъекттерди Тизмеден чыгаруу жөнүндө сунушту киргизет.

374. Салык салынуучу субъектти Тизмеге киргизген же андан чыгарган учурда, салык кызматы органдары бул тууралуу салык салынуучу субъектке расмий түрдө кабарлоого милдеттүү.

375. Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттер салык органына арыз менен кайрылууда ушул Жобонун “Нөлдүк ставка боюнча салык алынуучу жана бошотулган берүүлөрдү кошкондо, берүүлөр боюнча алгачкы документтердин реестри” № 2 тиркемесине жана “Сатып алынган (импорттолуучуну кошкондо) материалдык ресурстар боюнча алгачкы документтердин реестри” № 3 тиркемесине ылайык ырастоочу материалдардын жыйынды реестрин беришет.”;

- 40-пунктунун биринчи абзацындагы “37” цифралары “375” цифралары менен алмаштырылсын;

- 41-пунктунда:

1-пунктчасындагы “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин” деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

“11) салык салынуучу субъект Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттук берүүлөрдү ишке ашырган учурда салык кызматынын маалыматтык системасында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан ырасталган жана жөнөтүлгөн товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болсо, ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарына суроо-талап жиберет;”;

2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) материалдык ресурстарды берүүчүлөрдүн эсеп-фактураларынын аныктыгын ырастоо боюнча ишти жүргүзөт;”

- 47-пунктунда:

1 жана 2-пунктчаларындагы “КНСтин” жана “КНС боюнча” деген сөздөр алып салынсын;

6-пунктчасында:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6) бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларга ылайык жүзөгө ашырылуучу Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды импортто учурунда салык салынуучу субъект төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү:”;

- экинчи абзацындагы “товардык-транспорттук накладнойлордун” деген сөздөр “аларга карата товарды коштоочу документтердин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“товарларды ташып кирүүнү ырастоочу бажы декларацияларынын;”;

7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7) бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия  экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларга ылайык жүзөгө ашырылуучу Евразия  экономикалык бирлигинин бажы аймагынан экспорттогон учурда салык салынуучу субъект ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш:

- товарларды экспорттоого эсеп-фактуралардын;

- товарды экспорттоого бажы декларациясынын;

- багытталган өлкөнүн бажы декларациясынын же ага теңештирилген жана багытталган өлкөгө импорттолгондугун ырастаган башка документтердин (эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз, темир жол коштомо кагазы, коносамент - деңиз ташуусуна коштомо кагаз), товарлардын жана транспорт каражаттарынын транзити ишке ашырылган мамлекеттердин (өлкөлөрдүн) чек ара-бажы постторунун кызматкерлеринин мөөрлөрү жана штамптары, экспорттолуучу товардын багытталган өлкөгө келгендиги жөнүндө белги менен;

- товарларды берүүгө, жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдин же контракттын;

- экспорттолгон товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акчалай каражат менен төлөмдү алуу фактысын ырастоочу документтердин (которуу менен - банктык төлөм документинин, накталай - кириштеме кассалык ордердин, квитанциянын);”;

8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 54-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“54. Ыйгарым укуктуу салык органы алар боюнча чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган салык салынуучу субъекттер боюнча материалдарды даярдоодо жаңылыш чечимдер же тартип бузуу фактылары салык органдарында аныкталган учурда, КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечимди чыгарат.”

- 55 жана 57-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 58-пунктундагы “Комиссиянын же” деген сөздөр алып салынсын;

- № 1 тиркемеде:

экинчи абзацындагы “жүктүк” деген сөз алып салынсын;

жетинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын бажы аймагына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- тогузунчу абзацындагы “бажысынын” деген сөз “Бажы органынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомго ылайык КНС төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М.Абылгазиев




Тиркеме






"4-тиркеме

Форма

МААЛЫМКАТ
20___-жылдын "___" _____________ № __________

Ушул маалымкат (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСНи) бул субъекттин 200__-жылдын "___" _____________ карата импортко КНС боюнча карызы жок экендиги жөнүндө берилди.

Маалымкат ________________ району боюнча салык органына берүү үчүн берилди жана _________________ күндүн ичинде жарактуу.


Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси

________________

____________________


(колу)

(аты-жөнү)




Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын М.О.".




Тиркемелер

Басып чыгаруу