КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 16-июнундагы № 326 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги  № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду  жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 1-пункттун үчүнчү абзацындагы “толтуруу” деген сөздөн кийин “жана берүү” деген сөздөр менен толукталсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасынын 3-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартиби: - төмөнкүдөй мазмундагы 31-35-пункттар менен толукталсын:

 “31. Импорттолгон товарларды толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү бул тууралуу салыктык катталган орду боюнча салык органына жана Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын аймактык бөлүгүнө (мындан ары – СӨП) товарларды кайра кайтарган датага чейин 15 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө билдирет. 

32. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайра кайтарылуусу төмөндөгүлөр менен ырасталышы керек: 

1) кайра кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн); 

2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайра кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын ырастаган документтер;

 3) товарларды өткөрүү-кабыл алуу актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер; 

4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер. 

33. Товарларды эсепке алган айда толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда Кыйыр салыктар боюнча отчетто (FORM STI-123) жана Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (FORM STI-136) кайра кайтарылган товарлардын импорту чагылдырылбайт.

 34. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү такталган Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) жана Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) ушул Тартиптин 32-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен салык органына берет. 

35. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин толук кайра кайтарууда салык төлөөчү мурда берилген алгачкы Кыйыр салыктар жөнүндө отчетко (FORM STI-123) кошумча такталган Кыйыр салыктар жөнүндө отчетту (FORM STI-123), ошондой эле толук кайра кайтарылган товарлар жөнүндө маалымат чагылдырылган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арыздын (FORM STI-136) реквизиттерин көрсөтүү менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө билдирүүнү (FORM STI-137) салык органына берет.”; 

- төмөнкүдөй маанидеги 613-пункт менен толукталсын: “613. 359-сапта импорттолгон дан эгининин наркы көрсөтүлөт.”; 

- 62-пунктта “358” деген цифралар “359” деген цифралар менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтуруу тартибинде: 

- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “19. Импорттолгон товарларды толук же жарым-жартылай кайтарууда салык төлөөчү бул тууралуу салыктык катталган орду боюнча салык органына жана Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын аймактык бөлүгүнө (мындан ары - СӨП) товарларды кайтарган датага чейин 15 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө билдирет.”;

 - төмөнкүдөй маанидеги 191-194-пункттар менен толукталсын:

 “191. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайра кайтарылуусу төмөндөгүлөр менен ырасталышы керек: 

1) кайра кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн); 

2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайра кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын ырастаган документтер; 

3) товарларды өткөрүү-кабыл алуу актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер;

 4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер. 

192. Товарларды эсепке алган айда толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (FORM STI-136) жана Кыйыр салыктар боюнча отчетто (FORM STI-123) кайра кайтарылган товарлардын импорту чагылдырылбайт. 

193. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү такталган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) жана Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) ушул тартиптин 191-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен салык органына тапшырат. Такталган Арыздын таблицасында төмөнкүдөй жазуу жазылат:

 “Салык органына мурда берилген жана катталган 20__-жылдын ___- ____________ № ____арыздын ордуна”. Датасы жана номери Арыздын 2-бөлүмүнөн көрсөтүлөт. Арыздын 1-таблицасында жарым-жартылай кайра кайтаруу жөнүндө маалымат көрсөтүлбөстөн көрсөткүчтөрдүн мааниси берилет. Мында Арыздын 1-бөлүмүнүн таблицасынын 1-графасында тийиштүү Арызда көрсөтүлгөн товардык позициянын катар номери көрсөтүлөт. 

194. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин толук кайтарууда салык төлөөчү такталган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) толтурбастан, толук кайтарылган товарлар жөнүндө маалымат чагылдырылган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арыздын (FORM STI-136) реквизиттерин көрсөтүү менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө билдирүүнү (FORM STI-137) салык органына берет.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                          С.Ш.Жээнбеков