КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 15-июнундагы № 318 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 “Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо максатында, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 “Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- аталышындагы “көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону” деген сөздөр “көлөмдөрүн декларациялоо тартибин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;

 - Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-144) 2-тиркемеге ылайык; 

- Этил спиртинин иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-145) 3-тиркемеге ылайык; 

- Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларациянын  формасы (FORM STI-146) 4-тиркемеге ылайык;

 - Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-147) 5-тиркемеге ылайык;

 - Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-148) 6-тиркемеге ылайык; 

- Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-149) 7-тиркемеге ылайык; 

- 3-пунктундагы “жаратылышты пайдалануу” деген сөздөр “экология” деген сөз менен алмаштырылсын;

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

- токтом ушул токтомдун 2-7-тиркемелерине ылайык редакцияда 2 - 7-тиркемелер менен толукталсын.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 “Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 “Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо: 

15-пунктунда: 

- 1-пунктчасынын он тогузунчу абзацындагы “жана статистикалык отчёттун “1-Алко” формасы боюнча” деген сөздөр жана цифра алып салынсын; 

- 2-пунктчасынын он жетинчи абзацындагы “жана статистикалык отчёттун “1-Алко” формасы боюнча” деген сөздөр жана цифра алып салынсын. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                            С.Ш.Жээнбеков