КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 15-июнундагы № 317 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринин күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө 

 Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“Жол картасын”) ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 “Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана cалыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурларын жана шарттарын бекитүү жөнүндө” токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 476 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №  963 “Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы № 450 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 “Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу