Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө расмий тилде тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун борборуна билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков