КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 15-июнундагы № 324 токтому

Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө

Төлөмдөрдү эсепке алуунун ачык-айкындыгын камсыздоо, бизнести ак ниет жүргүзүүнү өбөлгөлөө максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 - Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

 - Ишинин өзгөчөлүгүнө же жайгашкан жеринин шарттарына байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан уюмдардын же жеке жактардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык; 

- субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графиги 3-тиркемеге ылайык;

 - Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата убактылуу техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар 4-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн графикте белгиленген мөөнөттө субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизсин.

 3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды натыйжалуу ишке киргизүү жана жарандардын кассалык чектерди талап кылуусун өбөлгөлөө максатында кызыктыруучу лотереяны өткөрүү механизмин иштеп чыксын. 

4. Субъекттердин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген графикте белгиленген мөөнөттөр бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломбалоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптарды жетекчиликке ала тургандыгы белгиленсин. 

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - 2017-жылдын 1-январынан тартып: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун сегизинчи абзацы; 

- 2017-жылдын 2-июлунан тартып: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту; 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун тогузунчу абзацы. 

6. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                                                      С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу