Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары институтунун ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 “Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1.3. Төмөндөгү адамдар ардактуу консул боло алышат:
- акыркы үч жылдын ичинде консулдук округдун аймагында туруктуу жашагандар;
- шайлоо органдарына шайланбаган, мамлекеттик кызматчы, мамлекеттик же жергиликтүү органдардын штаттык кызматкери болуп саналбагандар;
- кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) жана турган мамлекеттин укук коргоо органдарынын иликтөө материалдарынын фигуранты болуп саналбагандар;
- 25 жаштан 65 жашка чейинки курактагылар. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри же анын ордун алмаштыруучу адам ардактуу консул болуп дайындалууга талапкер ар бир кандидат менен жеке маектешет. Ардактуу консул катары дайындоого көрсөтүлгөн жарандарды тандоодо жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө тажрыйбага ээ жарандар артыкчылыкка ээ болушат.”;
- 1.7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: “Ардактуу консул кызматында олуттуу ийгиликтерге жетишсе жана өзгөчө эмгек сиңирсе, кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажысы болсо, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин түздөн-түз жетекчилиги менен өзүнүн ишин жүргүзүп жаткан жогорудагы мекемелердин же андай болбосо–Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин корутундусу менен тастыкталган Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууда катышуусунун натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасы менен аккредиттеген мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин деңгээлин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин чечүүдө ардактуу консулдун активдүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ардактуу башкы консулу деген класс ыйгарылышы мүмкүн.”;
2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2.1. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин сунушу боюнча чет өлкөлүк элчиликтердин же тышкы иштер министрликтеринин кайрылуусунун, ошондой эле жеке кайрылуулардын жана турган мамлекеттин бийлигинин макулдугунун негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри же аны алмаштыруучу адам тарабынан дайындалат. Ардактуу консулдукка дайындоого сунушталган адам үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кароого төмөндөгү документтер тапшырылат:
- тигил же бул чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун кызмат ордуна дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин өтүнүчү (сунуштама түрүндө). Эгерде чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси жок болсо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине талапкердин тигил же бул чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу кызмат ордуна дайындалууга болгон каалоосун негиздөө менен талапкердин жеке кайрылуусу (арыз түрүндө) тапшырылат;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилеген үлгүдөгү анкета, аны талапкер өз колу менен толтуруп жана кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилеген үлгүдөгү, Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдетин аткаруусу үчүн эмгек акыдан же башка сыйлык алуудан баш тартуусун көрсөтүү менен тапшырылган консулдук милдеттерди так аткарууга даярдыгын тастыктаган жазуу жүзүндөгү милдеттенме;
- паспорттун түстүү көчүрмөсү (паспорттун баардык беттери жиберилет, эгерде ID-карта же чет өлкөгө чыгуу паспорту болсо, ID-карттын эки бети тең жана чет өлкөгө чыгуу паспортунун баардык беттери);
- 4х6 форматтагы 6 түстүү сүрөт;
- өмүр баянын даярдоо учурундагы ээлеген кызматын көрсөтүү менен жалпы эмгек ишмердиги жазылган өмүр баян (басылган текст);
- турган мамлекеттин аймагында жайгашкан ар кайсы мамлекеттик, коммерциялык же башка уюмдардан ардактуу консул болуп дайындоого сунушталган адамдын моралдык бийик принциптери жана авторитети жөнүндө маалыматты камтыган 5 пикир-сунуш;
- жогорку билими тууралуу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- турган мамлекеттин мекемелеринен жана компетенттүү банктарынан берилүүчү талапкердин финансылык жана мүлктүк абалын тастыктоочу документтер; - талапкер жетектеген юридикалык жактын (эгерде бар болсо) мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөнү тууралуу уюштуруучу документтердин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (түстүү);
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат (эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болсо, анда аларга Кыргыз Республикасынын жана турган мамлекеттин компетенттүү мекемелеринен, эгер талапкер чет мамлекеттин жараны болсо, анда аларга турган мамлекеттин компетенттүү органы берип жана легалдаштырылган же апостил коюлган маалымкат берилет);
- жеке менчигиндеги же ижара шартындагы, ардактуу консулдуктун толук иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарга ээ кеңселик жайы бар экенин тастыктоочу, ал жайгашкан калктуу пункт жана так дареги көрсөтүлгөн документтер. Чет тилде таризделген документтер мамлекеттик же расмий тилдерге которулуп, нотариуста күбөлөндүрүлгөн түрдө өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кошумча маалымат суралышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын консулдук мекемеси же дипломатиялык өкүлчүлүгү иштеген чет мамлекеттин калктуу пункттарында ардактуу консул дайындалбайт.”.
- 2.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: “Ардактуу консулдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 3 жылдан ашпоосу керек, алардын консулдук иш-аракети боюнча отчетторду кароонун жыйынтыктары менен консулдук патентти ар бир жолу эки жылдык мезгилге узартуу мүмкүнчүлүгү берилет.”;
- 2.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы “в” пункт менен толукталсын:
“в) түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү менен же консулдук мекемеси менен, же булар болбосо - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кандайдыр бир формадагы өз ара аракеттер жана маалымат алмашуулар алты айлык убакытка чейин болбогон учурда”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
- 13-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жетекчилерин, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги ардактуу консулдарын дайындайт жана бошотот, Кыргыз Республикасынын башкы консулдарын кошпогондо;”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков