Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 «Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окуу үчүн Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын арасынан талапкерлерди сапаттуу тандап алуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 «Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жободо:
преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга каалоосун билдирген офицерлерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын арасынан талапкерлерди окууга конкурстук тандоо чакыруучу тараптын талаптарына ылайык ишке ашырылат.»;
бүткүл текст боюнча «КМ» аббревиатурасы алып салынсын; бүткүл текст боюнча «Советтер Союзунун Баатыры» деген сөздөрдөн кийин «генерал-майор» деген сөздөр менен толукталсын; бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү «талапкер» деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «талапкер» деген сөз менен алмаштырылсын; 48-пунктунда:
- үчүнчү абзацы «тандоого» деген сөздөн кийин «тестирлөө формасындагы» деген сөздөр менен толукталсын.»;
- төртүнчү абзацындагы «экзамендерди» деген сөз «тестирлөөнү» деген сөз менен алмаштырылсын, «кирүү экзамендеринин» деген сөздөр алып салынсын;
52-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «тестирлөө формасында кирүү экзамендери өтө турган предметтердин (сабактардын) Тизмесине кирген жалпы билим берүү предметтери боюнча тестирлөө подкомиссиясы.»;
53-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«53. Подкомиссияларды комплекттөө Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматчыларынын ичинен аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналдардан, келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун (мындан ары - УТБ) кызматкерлеринен түзүлөт.» 58-пунктта:
- «экзамендерди» деген сөз «тестирлөөнү» деген сөз менен алмаштырылсын; 59 жана 60-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«59. Талапкерлердин топтору 25-30 адамдан түзүлөт. Тестирлөөнүн жүгүртмөсү талапкерлерге ал башталганга чейин 3 күндөн кечиктирбей талапкерлерге жарыяланат. Талапкерлердин тобуна бардык предметтер боюнча тестирлөө ведомосту түзүлөт.
60. Тестирлөөнү УТБ жана тестирлөөнүн подкомиссиясы жүргүзөт. Тесттер УТБда таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат. Таңгакталган тесттер талапкерлер отургузулгандан кийин ачылат. Тесттерде же талапкерлердин жооп барактарында типографиялык каталар табылган учурда алмаштыруу үчүн тестирлөөчү подкомиссиянын мүчөлөрүнө кайрылуу керек. Тестирлөө мезгилинде талапкерлер тесттерди, жооп барактарын жана тест-администратору берген сомо-барактарын колдонушат. Тесттерде жана сомо-барактарына АББнын мөөрү коюлат.»;
61-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
62-пункту төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын: «Тестирлөө 2 жана андан көп бир тармактуу топтордун агымдары менен, аудиториянын сыйымдуулугуна жараша өткөрүлөт. Стол-парталардын ортосундагы аралык 1м же 1,5м болушу керек. Предметтердин саны жана тестирлөөгө бөлүнүүчү убакыт АББнын буйругу менен жыл сайын аныкталат.»;
63-пунктта: «экзамендерге» деген сөз «тестирлөөгө» деген сөз менен алмаштырылсын; «предметтик экзамендик подкомиссиянын» деген сөздөр «тестирлөө подкомиссиянын,»;
«Бул топко экзамен алууга дайындалган» деген сөздөр «Бул топту тестирлөө үчүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
64 жана 65-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«64. Тестирлөөнүн жыйынтыктары баллдык шкаласы боюнча бааланат. Өтүү баллынын төмөнкү чеги кабыл алуу комиссиясы тарабынан жыл сайын протокол түзүү менен аныкталат.
65. Экзаменге бөлүнгөн убакыт аяктаганда тест автоматтык түрдө токтойт, тесттер, жооп баракчалары жана сомо барактары тест-администраторуна тапшырылат. Тестирлөө аяктаганда тест-администратор подкомиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте жооп баракчаларынын бардыгын конвертке салат, мөөр басат жана иштеп чыгуу үчүн УТБга берет. Жооп баракчалары подкомиссиянын мүчөлөрү тарабынан УТБнын кызматкерлери менен бирдикте иштелип чыгат.»;
66 жана 67-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын. 68, 69 жана 70-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«68. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерге коюлган баллды оңдоого техникалык ката кеткен учурда гана кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын уруксаты менен жол берилет. Бул факт боюнча өзүнчө протокол түзүлөт.
69. Тестирлөө аяктагандан кийин талапкерлердин жооп баракчалары курсанттардын (угуучулардын) өздүк ишинде алар чет өлкөлүк аскердик окуу жайларында окуган мезгилде сакталат.
70. Тестирлөөнүн жыйынтыктары тестирлөө өткөрүлгөн күндөн кийин эки иш күндүн ичинде, кабыл алуу комиссиясынын иштеген жериндеги маалыматтар тактасына илинет, АББнын сайтына жайгаштырылат же кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы тарабынан жарыяланат. Маалыматтык тактада жана сайтта кабыл алуу комиссиясынын катчысынын байланыш телефондору тууралуу да маалымат жайгаштырылат. Жооп баракчаларын тапшырбаган талапкерлердин апелляцияга берген арызы каралбайт.»;
73-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Апелляцияны кароодо кайталап тестирлөө жүргүзүлбөйт. Талапкердин жооп баракчасы апелляцияны кароодо негизги документ болуп саналат.»;
экинчи абзацтагы «Апелляция - кайтадан экзамен алуу эмес.» деген сүйлөм алып салынсын;
- экинчи жана үчүнчү абзацтардагы «баанын, бааны» деген сөздөр «баллдын, баллды» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы «экзамендик ведомостко өзгөртүүлөр киргизилет» деген сөздөр «протоколго өзгөртүүлөр киргизилет жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат» деген сөздөр менен алмаштырылсын.»;
77-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган жарандар.»;
Жобонун 4-тиркемесиндеги «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин чет мамлекеттик аскер окуу жайларына конкурстук тандоо боюнча кабыл алуу комиссиясынын №_____ протоколу» деген аталыштан «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги» деген сөздөр алып салынсын;
9-тиркеменин 7-графасындагы «Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына кирүү экзамендерин тапшырып жатканда алынган баалар» деген сөздөр «Тестирлөөнү тапшыруунун жүрүшүндө алынган баллдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков