“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 “Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев