КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 7-июнундагы № 307 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшүүчү финансы каражаттарын жайыт комиттери тарабынан пайдалануусунун айкындуулугун камсыз кылуу максаттарында, ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобонун 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

“31. Жайыттарды пайдалануу үчүн каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалуусу казыналык системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.”.

 2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максаттарында белгиленген тартипте киргизсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу