Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калктын аяр топторун социалдык коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы” токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасында:
- 9-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-главасында көрсөтүлгөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга.”;
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасынын 1-тиркемесинин:
- I бөлүмүндөгү: 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27. Жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окууну бүткөнгө чейин, бирок алардын 18 жашка чейинки курагында гана, аз камсыз болушкан үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки курактагы балдар, социалдык өнүктүрүү органдарынан алынган маалымдаманы көрсөтүү менен.”;
- төмөнкү мазмундагы III бөлүм менен толукталсын:
“III бөлүм
Амбулатордук деңгээлде медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктуу жарандардын категориялары
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруусуна төгүмдөрдү төлөп жаткан иштеген жарандар.
2. ММК полиси бар адамдар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдү өз алдынча төлөгөндөр.
3. Социалдык жөлөк пул алуучу адамдар.
4. Дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү.
5. Курагы 70 жашка чейинки пенсионерлер.“
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков