Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлеринин финансылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүнө талаптар белгиленсин:
- өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошпогондо камсыздандыруунун жана/же кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 30000000 (отуз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошкондо камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес, ал эми 2017-жылдын 1-июлунан тартып 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- кайра камсыздандыруу боюнча гана ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 300000000 (үч жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө; - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерине 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |