Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Аба кемелеринин учуу коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле республиканын аэропортторунда аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-5-пункт менен толукталсын:
"1-5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына 2015-2016-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин 25 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |