Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1._Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы “тиркемеге ылайык курамда” деген сөздөр алып салынсын; жогоруда аталган токтомдун “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы” деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жободо:
- 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7._Комиссия мамлекеттик органдардын же алардын орун басарларынын жетекчилеринин ичинен түзүлөт, алардын карамагында аскердик-техникалык кызматташтык маселелери болот. Комиссияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт. Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө”;
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1._Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы түзүлсүн.”;
жогоруда аталган токтомдун “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы” деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11._Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилээри белгиленсин.”.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
-_Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 34 “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
-_Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
-_Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков