КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 6-июнундагы № 300 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакети ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда  баяндалсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                         С.Ш.Жээнбеков