КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 токтому

Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыртышты бонитировкалоону сапаттуу жүргүзүүнүн жана кыртыштын бонитетин аныктоонун негизинде кыртыштын баалуулугун белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 110-беренесине, «Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев